Кулубаев Орусиянын Кыргызстандагы элчисин ТИМдин юбилейлик медалы менен сыйлады

Бүгүн, 11-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр элчиге эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал элчи болуп иштеген мезгилде мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн белгиледи.

Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ушул жылы июль айында Красноярск шаарында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынына жана XI аймактар аралык конференцияга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Удовиченко кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүү үчүн күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Кулубаев элчини кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Тышкы иштер министрлигинин юбилейлик медалы менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан