Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Австрияга болгон иш сапары аяктады.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров жетектеген делегация Вена шаарында Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумду ийгиликтүү өткөрдү.
Өкмөт башчы форумда "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору менен тааныштырып, долбоорго "улуттук" макамы берилгенин белгилеп, эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, Эл аралык инвестициялык энергетикалык форумдун жыйынтыгында "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитетти түзүү чечими кабыл алынган, анын курамына эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү кирген.