Кыргыз тилин билгендер гана сот боло алат. Мыйзам биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутат Шаирбек Ташиев демилгелеген. Ага ылайык, сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдар мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсү милдеттүү болот.

Ташиев судьялык кызматка талапкер кыргыз тилин сөзсүз билиши керектигин, себеби соттук отурумдарды орус тилинде жүргүзгөн маалда доогер же жоопкер адамдар аны түшүнбөй кыйналган учурлар бар экенин, элдин басымдуу бɵлүгү орус тилинде окуткан мектептери жок айылдарда жашагандыктан бул жагдай жарандардын укугун бузарын айтты.

Ошондой эле ал мыйзам долбоору кабыл алынса соттук отурумдарды орус тилинде да өткөрө берсе болорун, судья мамлекеттик тилди билиши керек деген талап талапкерлерге гана тиешелүү болуп, азыр иштеп жаткан сотторго жайылтылбай турганын кошумчалады.

Эл өкүлү мындан тышкары судьялыкка талапкерлердин жакын туугандарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу жок болушу керектигин белгиледи.

Мыйзам долбоору мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин бекемдөө, мамлекеттик тилди сактоо, пайдалануу жана Кыргызстандын бардык жарандары үчүн сот адилеттигине бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле процессуалдык мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан