Бишкектеги "Аккула" ат майданында чабандеске чагылган тийди. Бул тууралуу бүгүн,12-июнда SUPER.KG порталынын Элдик кабар бөлүмүнө окурман кабарлады.
Анын айтымында, окуянын күбөлөрү Тез жардам чакырса келбей койгон. Жабырлануучу жигит көпкө жатып калган. Натыйжада аны ооруканага ошол жерде жүргөн жарандар алып кетишкен.
Жабырлануучунун өздүгү жана учурдагы абалы тууралуу так маалымат жок. Сүрөттөн анын минип жүргөн аргымагы өлүп жатканын көрүүгө болот.