Кыргызстандыктар 2014-жылдын 1-январынан 7-январына (бул күн да кошулат) чейин эс алышат. Бул туурасында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, келе жаткан жылдын 2-3-6-январь жумуш күндөрү 11-18-25-январга которулат. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.