Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых
музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана
спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Вице-мэр Айгүл Усубакунова шаардагы билим берүү тармагындагы кырдаалга токтолуп, мектептердеги жаш адистердин жетишсиздигин айтып өттү.
Материалдык көйгөйлөр, маянанын аздыгынан улам жаш мугалимдер мектептерде иштебей жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле мектептерде шаарда каттоосу жок окуучулардын көрсөткүчү 40 пайыз экенин кошумчалады. Мындан сырткары маданият тармагында ар тараптуу иш-чаралар тууралуу да айтып өттү.
“Спорттук комплекс
тургузулган эмес. Жаңы конуштарда калктын саны көбөйүп жатканы белгилүү. Ага
ылайык тармактарды да кеңейтүү зарыл. Спорттук комплекстерди оңдоп-түзөө, дене
тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси
да чечилиши керек”,- деди Усубакунова.