Эл жазуучусу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 13-июнда Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.
Самсак Станалиевге 2020-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы ыйгарылган. Эл жазуучусу 74 жашта болчу.
Кечээ, 12-июнда Эл жазуучусу Станалиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салганы кабарланган. Жазуучу поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Мындан тышкары 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан