Бүгүн ЖКнын тармактык комитетиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча парламенттик угууга өкмөт башчы келген жок

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Кумтөр” долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүп жатат. Ага чакырылган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьерлер келе албай турганын комитет төрагасы Эркинбек Алымбеков билдирди. 

Эске салсак, 2013-жылдын 23-октябрында өкмөт сунуштаган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду талкуулап чыгып, аны эл өкүлдөрү колдогон эмес. Депутаттар министрлер кабинетине "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүүнү улантсын; анын "Кумтөр" долбоорундагы үлүшүн 67 пайыздан кем эмес калыбына келтирүүгө жетишсин; мөңгүлөрдү сактоо үчүн мониторинг боюнча борбор түзүүнү жана каржылоону карасын деген сыяктуу тапшырмаларды берген эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан