Быйыл 50 кыргызстандык Казакстандагы ЖОЖдордо окуй алат

Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Ага ылайык, коңшу өлкө берген квотанын 25и бакалавриат программасы боюнча болсо, магистратура боюнча 20 орун, медициналык билим берүү (6 жыл) боюнча 5 орун бөлүнгөн.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу 23-июнга чейин катталышы керек. Документтердин пакети толук эмес жарандар конкурстан четтетилет.

Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилери кошумчаланды. Ошондой эле суроолорду moin.mo@mail.ru дарегине да жиберсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан