Биз социалдык тармакта

Өкмөт балдардын жайкы эс алуусуна 15 миллион сом бөлөт

Жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана ишке орноштурууну уюштуруунун жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында 15 миллион сом бөлүү чечимине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 миллион сом бөлүнүп келген. Бул туурасында бүгүн, 14-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдагандай, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы мезгилде эс алуусун уюштуруу тапшырмасы берилген.

“2023-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эң көп камтуу, ошондуктан республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган”, - деп кошумчалаган маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл сайын балдар президенттик администрацияга караштуу «Алтын балалык» ден соолук жана реабилитациялык борбору мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт. Быйыл 1600гө жакын бала эс алары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан