Бала бакча жана мектептер менчиктештирилбейт

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, мектептердин имараттарын менчиктештирүүгө жана сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 24-декабрда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 
Совет учурунда ачылган бала бакчалардын көбү эгемендиктин алгачкы жылдары сатылып, жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын 13 гана пайызы бала бакчага барат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 503 бала бакчада 64 миң бала тарбияланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан