Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы айтылды

Бишкекте алгачкы жолу боор алмаштыруу операциялары жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.

"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда күн сайын кеңешме өткөрүлүп, ал эми түрк дарыгерлери менен онлайн кенешме өтүп жатат. Донорлордун абалы туруктуу жана орточо оордукта. Алардын эч кандай даттануулары жок", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу катышкан. Экинчи бейтапка 11-июнда операция жасалган болчу.

17.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан