Азыркы тапта "Жаш мугалимдин депозити" программасы менен 211 жаш адис эмгектенет

Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анда шаардагы мектептердин көйгөйлөрү талкууланууда. 
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш адистерди тартуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу сөз болду. Мугалимдерди жумушка тартуу үчүн иштелип чыккан "Жаш мугалимдин депозити" программасы жакшы жыйынтык берип жатканы айтылды. Программанын максаты - жаш адистерди шаардын билим берүүчү уюмдарына тартуу жана бекитүү, мектептерди кадрлар менен камсыз кылуу, ошондой эле адистердин иштөөсү үчүн социалдык турмуш тиричилик шартын жакшыртуу болуп эсептелет.
 Билим берүү тармагында үзгүлтүксүз 3 жыл иштеген жаш адистин атына депозиттик эсеп ачылып, катышуучуларга 90 миң сом каражат төлөнүшү программада каралган. Шаардык бюджеттен бул багытта 2013-жылы 8 миллион сом бөлүнгөн. Конкурска катышкан 240 мугалимден 211 адис "Жаш мугалимдин депозити" программасынын негизинде эмгектенет. 
Белгилей кетсек, 2013-жылы 56 мугалим депозит алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан