Бүгүн, 24-декабрда саат 17:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы жылдык концерти өтөт.
Аталган иш-чарага студенттер, магистранттар жана мугалимдер катышып, эң алдынкы студенттерге президент тарабынан мактоо баракчалары ыйгарылмакчы. Иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү катышат.