Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Жаслан Мадиев Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулоо үчүн өлкөгө келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Мен Павел Дуровду азырынча тааныбайм, бирок принципиалдуу түрдө менин чакыруум ага жеткирилди деп ишендиришти. Алдыда ал Казакстанга келет деп ойлойм. Анын өлкөгө келишине жеке өзүм аракет кылам. Талкуулай турган нерсе бар, алардын бири биргелешкен лабораторияларды ишке киргизүү", - деген министр Астанадагы брифингде.
13-июнда Павел Дуровдун Чолпон-Атада жүргөн сүрөтү интернетке тараган.
Павел Дуров - орусиялык ишкер, ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү катары белгилүү. 2006-жылы бир тууганы Николай менен биргеликте ВКонтактени түзүп, ал тез арада Орусиядагы жана КМШдагы эң популярдуу социалдык тармактардын бирине айланган.
2014-жылы орус бийлиги менен болгон чырдан кийин Дуров компаниядан кетип, Telegram`ды өнүктүрүүгө көңүл бурган. 2013-жылы ачылган Telegram учурда дүйнөдөгү эң популярдуу мессенжерлердин бири.