2013-жылдын эң ийгиликтүү адамы 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болду

“Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болуп чыкты. Ушул жылы анын кирешеси 15 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу кечээ, 23-декабрда, чет элдик басма сөз каражаттары билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Шелдондун бир күндүк кирешеси 41 миллион доллар чамасында болду.  Ал Лас-Вегастагы жана Сингапурдагы казинолор жана отелдер тармагынын ээси. Шелдондун байлыгы 37 миллиард доллар деп бааланат. 
Рейтингдин экинчи орунуна болсо Facebook коомдук тармагынын түзүүчүсү, 29 жаштагы Марк Цукерберг жайгашты. Бул жылы анын капиталы 13,6 миллиард долларга көбөйгөн.  Анын жалпы капиталы - 25,8 млрд долларга барабар. 
Үчүнчү орунду дүйнөдөгү эң ири Amazon онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү жана аткаруучу директору, 49 жаштагы Жефф Безос ээледи. 2013-жылы ал 13,3 миллиард доллар киреше тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан