"Тынчтык жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Тынчтык жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Мыйзам долбоорун депутаттар Сеид Атамбаев менен Дастан Бекешев демилгелеген.

Бекешев жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышарын белгиледи.

Мыйзам долбоорунда ызы-чуу жасагандарга милиция чара көрө албай жатканы айтылып, мындан улам алардын айрым укуктарын кеңейтүү каралган. Ошондой эле документте түнкүсүн айтыла турган азандарга тыюу салынбай турганы белгиленген.

Анда тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөө сунушталат:

- ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу;

- тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик;

- жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.

Талкуу маалында депутат Кубанычбек Самаков мыйзам долбоорун колдоп, ошону менен бирге сунушталып жаткан демилге ишкерлерге тоскоолдук жаратпашы керектигин кошумчалады. Эльвира Сурабалдиева тынчтык нормаларынын бузулушу тууралуу жарандардан түшкөн кайрылууларга токтолуп, мыйзам бузгандарга тандалма мамиле болбошу керектигин айтты.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов автобейбаштык кылган спорттук унаалардын айдоочуларына чара көрүүгө чакырды. Ал эми Элдар Абакиров саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машинаны колдонууга тыюу салууну сунуштады. Ошондой эле ал шаарларда саат 22:00дөн кийин тынч болушу керектигин, ал эми Ысык-Көлдө туристтик сезон учурунда саат 23:00 же 00:00дөн кийин тынч болушу зарыл экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан