Депутат саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машина колдонууга тыюу салууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машинаны колдонууга тыюу салууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 19-июндагы парламенттин жыйынында айтты.

Белгилей кетсек, жыйында «Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Швейцарияга барганда таң калычтуу нерсе көргөм. Ал жерде саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машинаны колдонгонго болбойт экен. Анткени элдин тынчын алат. Өзгөчө машина кирди сыгып жатканда катуу үн чыгарып, кошуналарды уктатпайт. Мүмкүн, мыйзамга ошону дагы кошуп коюу керек?" - деди депутат.

Ошодой эле ал Шанхайдагы ири райондордун бирин мисал катары айтып, ал жакта саат 22:00дөн баштап тынчтык сакталарын, таңга маал саат 5:00дөн тарта тиричилик кайнап баштаарын айтты.

Мындан тышкары Абакиров шаарларда саат 22:00дөн тарта тынч болушу керектигин, ал эми Ысык-Көлдө саат 23:00 же 00:00дөн тарта тынч болушу зарыл экенин кошумчалады.

"Шаарлар үчүн 22:00, Ысык-Көлдө туристтик мезгилде (июль-августта) 23:00-00:00 деп белгилесе туура болот деп ойлом", - деген.

Маалымат үчүн: Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Сеид Атамбаев жана Дастан Бекешев.

Бекешев жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышарын белгиледи.

19.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан