Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анда борбор шаардагы билим берүү тармагындагы маселелер каралды.
Билим берүүчү уюмдардын капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү жана 2013-2014-окуу жылына даярдоо үчүн шаардык бюджеттен 22400,8 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинде мектептер боюнча – 8830,8 миң сом, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга 5375,3 миң сом берилген. План боюнча 20 мектеп, 16 бала бакча жана 1 чыгармачыл борбордун оңдоп-түзөө иштери каралган. 2013-жылга капиталдык курулуштун планына Дордой, Калыс-Ордо жаңы конуштарында 960 орундуу жана Ала-Тоо конушуна 1220 орундуу мектептин курулушу каралган.