Нарын. Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүштү

Бүгүн 12-декабрда Нарын шаардык жаштар ордосунун концерттик залында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кече Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агрардык экономикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Мамбеталиеванын жетекчилигинде уюштурулган. Алгач жазуучу тууралуу фото слайд көрсөтүлүп, ырлар окулду. Андан соң студенттер өздөрү тарткан Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган видеоклип көрсөтүлдү. Кеченин жүрүшүндө викториналык суроолорго көрүүчүлөр да жооп берип, белектерге ээ  болушту. Ал эми жыйынтыгында катышуучулар жана көрүүчүлөр ачык асман алдына чыгышып, тынчтыкты чагылдырган каалоо-тилектер менен бирге аба шарларын асманга учурушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан