Эркин Алымбеков: “Өкмөт "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүүдө 50х50 шартына макул”

“Өкмөт "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүүдө 50х50 шартына макул” деди бүгүн, 24-декабрдагы тармактык комитеттин “Кумтөр” долбоору боюнча парламенттик угуу жыйынында депутат Эркин Алымбеков. Анын айтымында, бул келишим мурдагылардан айырмаланбай калат. 

“Өкмөт коррупциялык схемаларды аныктоо кыйын экендигин айтып жатышат. Биз өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Эл аралык соттон да коркпошубуз кажет. “Кумтөрдүн” жетекчилигине бир топ нааразычылыктарыбыз бар”,- деди комитет башчысы Алымбеков. 

Өз кезегинде эл өкүлү Каныбек Иманалиев “Өкмөт башчы келбесе, парламент "Кумтөр" маселесин карабашыбыз керек. Резолюцияга бул нерсени да киргизели” деген сунушун киргизди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан