Кечээ, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде
ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин
көчмө жыйыны өтүүдө. Маданият министрлигинин китепканалар боюнча маалыматында 2013-жылы 9 ай ичинде китепкана фондуна 1994 экземпляр басылма түшкөнү көрсөтүлгөн.
Анын ичинде китептер - 1383, брошюралар - 370, журналдар - 194, CD-ROM (дискке түшүрүлгөн маалымат) - 40, балдар оюндары - 5 жана ноталар боюнча 2 экземпляр басылма түшкөн. Мындан сырткары 2013-жылдын 9 айында Мамлекеттик китеп палатасынан 266 мезгилдүү басылмалар алынган: 162 журнал, 19 CD-ROM, 224 гезит. Анын 152си кыргыз тилинде, 101и орус тилинде жана 13ү башка тилдерде жазылган.