Ирина Карамушкина "Кыргыз тилинде сүйлөп, башка тилдерди үйрөнүүгө аракет кылган кесиптештериме суктанам" деди

Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анда ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина катышуучуларды келе жаткан Жаңы жылы менен кыргыз тилинде куттуктады. Ошондой эле ал мамлекеттик тилди үйрөнүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди. 
"Кыргыз тилин билбегендерди күнөөлөштүн кереги жок. Алар өз учурунда мектепте, жогорку окуу жайларында тил боюнча сабак алышкан эмес. Мен да кыргыз тилин өздөштүрүүгө аракет кылып жатам, бирок убакыт болбой жатат. Албетте, кыргыз, орус тилинде эркин сүйлөп, башка тилди түшүнүп, ошол эле учурда англис тилин үйрөнүүгө аракет кылган кесиптештериме суктанам",- деди депутат. 
Мындан сырткары балдардын милдеттүү түрдө билим алуусу керектигин айтты. Медреселердин иш алып баруусун да көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан