Кечээ, 23-декабрда каза тапкан курал-жарак конструктору Михаил Калашниковдун сөөгү Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда, Удмуртиянын президентинин басма сөз катчысы Виктор Чулков билдирди.
Ал “Коштошуу зыйнатынын датасы азырынча так белгилене элек. 26-декабрга пландаштырылып жатат. Себеби чет өлкөлүк коноктордун келиши күтүлүүдө. Иш-чараны уюштурууну өкмөт өз моюнуна алды” деп кошумчалаган.