SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасында бул жолку каарманыбыз офтальмолог Айдай Ассатилаева болмокчу.
Азыркы учурда көз оорулары көбөйүп, ошол эле учурда жашарып дагы бара жатат. Адамдагы эң маанилүү органдардын бири көз болгондуктан, ага кантип кам көрүү керек, канткенде көздүн көрүүсүн начарлатпай сактап турабыз деген суроолорго жооп издегендер көп. Бул жолку маектешибиз көз дарыгери Ассатилаева учурдун түйшөлткөн суроолоруна жооп берди.
Айдай Ассатилаева азыркы тапта балдар офтальмологу болуп эмгектенет. Ал 2020-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясын, ал эми 2023-жылы офтальмология адистиги боюнча ординатураны бүтүргөн.
- Айдай, саламатсызбы? Адамдагы эң маанилүү органдардын бири көз эмеспи. Бизге эң алгач көздүн көрүүсүн начарлаткан факторлорду айтып берсеңиз...
- Саламатсызбы? Адамда беш сезүү органы болсо, ошолордун ичинен сырттагы маалыматтын 90 пайызын көз органы аркылуу кабыл алабыз. Көздүн кызматын начарлаткан факторлорду атай кетсек: күнүмдүк эле жашообуздан баштап, кылып жаткан жумушубуз, жана башка негизи эле таасир берген факторлор көп.
Эң алгач балдар арасындагыны атай кетейин. Балдарда бул жагдай өтө кооптуу. Кичинекей балдардын көрүү органы төрөлгөндөн кийин иштеп баштайт. Төрөлгөндөн кийин күндөн күнгө жакшырып отуруп, белгилүү бир убакта калыптанат. Мурда гаджеттер ар бир адамга жеткиликтүү болгонго чейин балдар эшикте көп ойногон. Балдардын эшикте ойногону, күндүзгү жарык көздүн туура калыптанышына жакшы таасир берет. Азыр балдардын көпчүлүгү үйдө, мекемелерде, бала бакчада отурушат. Сыртта ойноп жүргөн бала аз. Балдар телефон, компьютер, сыналгы дайыма көзгө оорчулук алып келчү нерселерди көп көрөт. Бул нерсе көздүн көрүүсүнүн начарлашына алып келүүдө.
Адам карыганда көзү начарлайт, бул жагдай башка факторлордун таасиринен. Балдар менен карыган кишилердин көзүнүн начарлашы бирдей деп айтсак болбойт. Карыган кишилерде жакын аралыкка начарлап, курч көрбөйт калат. Мисалы, китеп окуганда, ийне тиккенде, гезит окуганда көз айнек тагынышат, бул табигый нерсе. Көз жакын аралыкты караганда иштейт, ал эми алысты караганда эс алат. Ошон үчүн карыган кишилерде көз булчуңдары жакын аралыкка начарлай баштайт. Ал эми жаш балдарда, тескерисинче, алыс аралыкка начарлап жатат. Муну медициналык тил менен айтканда миопия (алыстан начар көрүү) деп коёт. Учурда балдар арасында минустун бат өөрчүүсү чоң көйгөй болуп турат. Себеби азыр кичинекей балдарда, өспүрүмдөрдө көпчүлүгүндө минус байкалат жана өтө тез ылдамдыкта көбөйүп жатат. Буга себеп – балдардын күнүмдүк жашоосунун өзгөрүшү. Телефон көп көргөндүктөн жакын аралыкка көзүнө күч келүүдө. Ошондой эле балдар кеч уктап жатат, каникул учурунда мектепке барышпайт, бул учурда алар түнкү саат 12ге чейин, кээде 2-3кө чейин уктабагандар бар экен. Мына ушулар минустун пайда болушуна жана өтө тез өөрчүшүнө алып келет.
- Көздү дарылап калыбына алып келсе болобу?
- Бул көздүн оорусуна жараша болот. Кичинекей балдардын алыстан начар көрүүсүн дарылоо мүмкүн эмес, дүйнө жүзүндө мунун жолу табыла элек. Эгер көзүндө минус бар болсо, ал кайра артка кетпейт. Бул жагдайда сапаттуу көзөмөл керек, минусту өөрчүтпөй сактап калуу зарыл. Кээ бир балдарда минус бир болуп, бир-эки жылда эле минус эки, үч, төрт болуп кетет. Миопияда мына ушуга жол бербей көзөмөлдөп, бир калыпта сактап калуу керек. Ал эми башка оору болсо, ар бир оорунун өзүнүн чечүү жолу бар.
- Ден соолуктун абалы көпчүлүк учурда тамактанууга байланыштуу, ал эми көзгө туура тамактануу же тескерисинче зыяндуу тамак аш таасир береби?
- Албетте, ден соолукка таасир берген тамак-аш көзгө дагы таасир бериши мүмкүн. Мисалы, алькоголдук ичимдиктер көздүн бузулушуна алып келет. Ичимдиктерде көзгө эң уулу зат болуп саналган метанол бар, анын бир аз эле өлчөмү сокурдукка дагы алып келиши ыктымал. Анан дагы ар кандай химикаттар көзгө зыян болуп саналат. Ал эми тамак-аштардан так бул азык көзгө зыян деп айтуу мүмкүн эмес.
- Көз органыбызга пайдалуу боло турчу азыктарды атай кетсеңиз?
- Организмге бардык эле азыктар керек, өлчөмү менен белок, углевод, майлар. Ар бир орган эмнеден түзүлсө көз дагы ошондой эле. Ата энелер балдардагы минус же плюсту витаминдер менен айыктырам деп ойлошот. Бул негизи туура эмес түшүнүк, бир дагы витамин көздөгү минусту же плюсту жок кыла албайт. Адамдын организиминде белок, углевод, майлар, витаминдер жетиштүү болуш керек. Буларды биз тамак-аштардан эле алсак болот. Мисалы, боор, уйдун тили, сабиз, түсү кочкул болгон жемиштер. Буларда А витамини бар, бул көздүн курч болуусуна жакшы жардам берет. Бирок биз балдардын көзүн дарылоодо витаминдерди сунуштап дарылабайбыз.
- Көздү күндөн коргош керекпи? Кантип коргойбуз?
- Ооба, биз көзүбүздү күндөн коргошубуз керек. Көзгө ультрафиолет көк нурлары зыян болуп саналат. Бул нурлар тордомо челдин пигментин күйгүзүп салат. Эгер тордомо челге зыян келсе, ал кайра калыбына келбей калышы ыктымал. Ошон үчүн эшикте жүргөндө, өзгөчө, Кыргызстанда ультрафиолет нурлары жогору болгон жерлерде, тоолуу аймактарда күндүн көк нурларынан көздү сактап, сапаттуу көз айнек тагынуу керек. Айрыкча тоолуу аймактарда жүргөн адамдарда көздөрүн эт басып кетет, бул дагы көздү күндөн сактабагандын бир белгиси болуп саналат.
- Көзгө көнүгүүлөрдү жасап, витаминдерди ичип туруу канчалык деңгээлде маанилүү?
- Көзгө көнүгүү жасабасак деле биз көзүбүздү оңго, солго буруп иштетебиз. Биз далилденген медицина менен иштегендиктен өзүбүздүн бейтаптарга көнүгүүлөрдү, витаминдерди айтпайбыз. Ар бир витаминдин организмде өзүнүн кызматы бар. Аларды биз сапаттуу азыктанганда азык-түлүктөн алабыз. Бирок бир дагы көздүн оорусу витаминдер менен айыккан учур жок. Ошондуктан витаминдерди, көнүгүүлөрдү бейтаптарга сунуштабайбыз. Кээ бир оорулардын алдын алуу максатында дагы аларды сунуштабайбыз. Бирок туура, сапаттуу азыктануу өтө маанилүү.
- Учурда кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат жана мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?
- Ата-энелер балдарында алысты көрүү сапаты начар учурлар менен көп кайрылышат. Бул өтө кооптуу. Себеби кичинекей балдарда 18 жашка чейин минус токтобойт. Бала канчалык кичинекей болсо минустун көбөйүп кетүү коркунучу көбүрөөк, канчалык эрте пайда болсо аны ошончолук катуу көзөмөлгө алуу керек. Бизге ушул боюнча көп кайрылышат. Негизи биздин борбор кылый көздү, кичинекей балдардын көз ооруларын оңдоо менен алектенгендиктен кичинекей балдардын оорулары менен кайрылуулар көп болот. Жаш балдар оорусун айтпайт, ошон үчүн бала төрөлгөндө, эки айдан кийин текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Себеби бала төрөлгөндө эле көзүндө көйгөйлөр болушу мүмкүн, ал эч кимге билинбейт, аны бир гана офтальмолог аныктай алат.
- Көз оорулары канчалык деңгээлде коркунучтуу жана эмнелерге алып барышы мүмкүн?
- Ар бир ооруну өзүнчө кароо керек. Мисалы, кичинекей балдардын оорулары боюнча сөз кылсак, миопия (алыстан начар көрүү) бул өтө чоң деңгээлге жетип кетиши мүмкүн. Эгер алтыдан жогору болсо миопия - жогорку деңгээл деп айтылат, бул жагдайда өтө начар көрүп, же сокур болуп калуу коркунучу бар. Көздө минус болгондо көз чанагы чоңоюп кетет, ал чоңоюп кеткенде тордомо чел жукарып, коркунучтуу тешикчелер пайда болот. Тордомо чел сыйрылып түшө турган болсо, көз көрбөй калышы мүмкүн. Ошондой эле бала чоң плюс менен төрөлө турган болсо, бул жагдайда көздү толук кандуу иштетүү мүмкүн эмес болуп калат. Бул, албетте, коркунучтуу. Ошондуктан ар бир ооруну алдын алуу же өз убагында токтотуу өтө маанилүү.
- Эгер көздүн көрүүсү начар же кандайдыр бир көйгөйү бар аялдарда бала төрөөдө кыйынчылыктар болот экен, бул эмне себептен?
- Кош бойлуу аял бала төрөөнүн астында сөзсүз көз дарыгерине кайрылуусу керек. Көпчүлүк айымдар ойлошот экен, менде минус бар же минус эки, үч, төрт болсо өзүм төрөй албайм деп, бул туура эмес. Эгерде тордомо челинде бардыгы жакшы болсо, минус алты, жети сегиз менен дагы төрөй алат. Ал эми тордомо челинде сыйрылып түшүү коркунучу болсо анда өзү төрөй албайт, бирок башка ыкмалар менен төрөйт. Себеби тордомо челинде тешикчелер бар болсо, ыйынып өз жолу менен төрөп жатканда тордомо челини көздөн сыйрылып түшүү коркунучу бар. Тордомо чел сыйрылып түшсө, сокурдукка алып келет.
- Ата-энесинин көрүүсү начар болсо, балдарына таасир береби? Негизи эле көз оорулары тукум куушу мүмкүнбү?
- Албетте, көздүн начар көрүүсү тукум кууйт. Генетикалык жактан көздүн түсү, чачтын түсү, тармал чач же болбосо бойдун узундугу бул нерселер генетикалык жактан берилгендей эле көздүн айрым оорулары дагы ошол боюнча берилет. Булар: меопия, катаракта, көздөгү чоң плуюстун болушу булар тукум куушу толук ыктымал. Ата-энесинде болбосо деле чоң ата, чоң апаларында же башка туугандарында бул оорулар бар болсо берилет. Мындай жагдайда текшерилип, оорунун токтотуу жолдорун издеген жакшы.
- Адамдын көзү картайган сайын сөзсүз түрдө начарлай береби же бир калыпта сактаса болобу?
- Картайганда жакын аралыкка курч көрө албай баштайбыз, 40 жаштан кийин. Бул нерсени токтотуу мүмкүн эмес, бул закон ченемдүү. Бул жагдайда көз айнек тагынып гана өзүбүзгө жардам бере алабыз. Айрым ооруларды карыганда токтото албагандай эле көздүн карылыгын дагы токтото албайбыз. Бирок, жайлатса болот. Көзүбүздү жакшы карап, көзгө күч келтирбешибиз керек. Азыр жаш балдардан, карыгандарга чейин көзгө күч келтирип жашайбыз. Ар бирибиздин колубузда телефон, гаджеттер бар, жакын аралыктан караган нерселер көзүбүздү начарлатат, көз алысты караганда жакшырат.
- Сиз көз дарыгери катарында көзүңүзгө кандай кам көрөсүз жана көздүн көрүүсүн начарлатпоо үчүн эмнелерди сунуштайт элеңиз?
- Мен азыр чоң киши болгондуктан көзүм калыптанган. Менин көзүм 100 пайыз көрөт. Буга менин кичинекей чагымда телефон кармабаганым, бала кезде эшикте ойногонум (биз эшикте ойноп жүргөн заманда чоңойдук да) анан генетикалык жактан ата-энемде көз ооруларынын жок болгону дагы таасир берет.
Ата-энеде миопия (алыстан начар көрүү) жок болуп балдарда болуп жаткан учурлар бар. Бул сырткы чөйрөнүн таасири, күндүзгү жарыктын жетишсиздиги. Мен азыр балама кам көрөм, ал деле эл катары телефон деп турат, бирок башка нерсе менен алаксытканга, эшикке алып чыкканга аракет кылам. Мультфильм көрөм десе телефондон эмес телевизордон коюп берем, алыс отуруп көрсүн деп. Графиктин жоктугу дагы балдардын көрүүсүн начарлатат, балдар ондон кеч жатпаш керек, мен дагы баламды эрте уктатканга аракет кылам. Анан бала эшикте көп жүрсө алысты көп карайт, ошол дагы чоң таасирин тийгизет.
Ал эми өзүм, азыр биз барыбыз эле компьютерде иштейбиз да, ал нерседен көз чарчайт, Ар бир 20 мүнөт сайын эшикке чыгып көзүмдү эс алдырып турганга аркет кылам.