Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо иретинде демилгеленип жаткандыгын билдирди.
“Окуу процессинде мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана этикалуу билим берүү чөйрөсүн түзүү. Санариптик сабаттуулук, маалыматтык технолгияларды аң сезимдүүлүк менен пайдаланууну окутуу. Жаңы көйгөйлөрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу өнүктүрүүгө жаш муунду даярдоо. Мыйзам долбоорунда балдардын билимин жана алардын ден соолугун, социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо милдеттемелери турат”, - деп билдирди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, аталган мыйзамды Жогорку Кеңештин 12 депутаты демилгелеп чыккан. Алар Нурлан Азыгалиев , Марлен Маматалиев, Эльмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Жанар Акаев, Венера Раимбачаева, Чынара Султанбекова, Мурадил Сыдыков, Айбек Маткеримов, Эмил Токтошев, Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева.