Кечээ, 24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жер төлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.
"Куткаруучулар тарабынан сел суулары кирген турак жайдан 3 жашы жете элек балдар жана 2 жаран аман-эсен куткарылды, учура алардын абалы туруктуу", - деп билдиришти министрликтен.
Учурда жеринде ыкчам топ иштеп жатат.