Анара Дауталиева: "Каражаттар коррупциялык схемадан сырткары колдонулса, ата-энелер мектепке акчаны берүүгө даяр"

Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. 

Анда билим берүү министри Канат Садыков, маданият министри Султан Раев, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов,  КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Абдулатиф Жумабаев жана башка жетекчилер сөз сүйлөштү. 

Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары менен мектеп директорлору билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтып беришти. Коомдук ишмер Анара Дауталиева ата-энелердин атынан сөз сүйлөп, мектептердеги коррупциялык схемалар туурасында айтты. 

“Ата-энелер балдары үчүн мектептерге каражат жагынан колдоо көрсөтүп жардам берүүгө даяр. Ошол каражатты коррупциялык схемалардан арылтып колдонуу керек. Бардык мугалимдер акчаны эле сурашат. "Айлык маянаны көтөр, оңдоп-түзөө үчүн акча бер" дешет. Акча эле дей бербей, окуунун сапатын да айтышпайбы. Жаңы жылды жаңы барактан баштагыла,- деди Дауталиева сөзүн жыйынтыктап жатып. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан