Бишкектеги №4-төрөт үйүндө уурдалган наристеге күбөлүктүн берилиши боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) ушул жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүндө уурдалган наристеге туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн берилиши боюнча ички текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, МКК тарабынан түзүлгөн атайын жумушчу топ 2013-жылдын октябрынан ноябрына чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук Жарандык актыларды каттоо бөлүмү тарабынан Суранчиева деген фамилияларга берилген күбөлүктөрдү текшеришкен. Бирок каттоо тизмесинде аталган фамилия табылган эмес. Андан аркы текшерүүнүн жүрүшүндө 12-ноябрда Макенова Нуржан Мекеновна аттуу жаран төмөндөгү документтерди тапшыргандыгы аныкталган: 
- 2013-жылдын 8-ноябрында берилген туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк; 
- ата-эненин өздүгүн тастыктаган документтер; 
- нике тууралуу күбөлүк. 
Н.Макенова Октябрь районунда катталгандыктан, ага жогорудагы документтердин негизинде баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Андыктан Октябрь райондук Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн милдетин мыйзамдын алкагында жүргүзүшкөн.
Эске салсак, Бишкектин №4-төрөт үйүндө 5-ноябрь күнү саат 00:25те ымыркай уурдалып, туугандары медиктерден күмөн санашкан эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан