Ош шаардык мэриясы Жаңы жылга карата 2 миллион сомдук фейерверк сатып алып, майрамдык кечти өзгөчө өткөрүүнү пландап жатат
Жаңы жыл майрамына карата Ош шаардык мэриясы 2 миллион сомго автоматташтырылган фейерверктерди сатып алып, майрам күнү кечинде борбордук аянтты көркүнө чыгармакчы. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Аталган мекеменин маалыматы боюнча бул жылы Ош шаарынын тургундары жана коноктору үчүн Жаңы жыл майрамы өзгөчө болмокчу. Шаардын борбордук аянтында майрамдык концерт, бир катар оюн-зооктор менен коштолмокчу.