Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында, сегизинчи “Кытай-Евразия: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” ЭКСПОнун расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, дүйнөнүн саясий лидерлерин жана алдыңкы бизнес жетекчилерин чогулткан бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеген Жапаров Кыргызстандын негизги инвестициялык багыттарына токтолду.
“Чет элдик ишканалар, инвесторлор жана ишкерлер үчүн Кыргызстан жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Кыргызстандын аймагындагы инвестициялар "Инвестициялар жөнүндөгү" мыйзам менен корголот. Ошондой эле экономиканын ачыктыгы, либералдык соода жана валюталык режим, Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге мүчө болушу Кыргызстан инвестиция үчүн келечектүү өлкө экенинен кабар берет”, - деди өкмөт башчы.
Ал ошондой эле Кыргызстан эбегейсиз туристтик ресурстарга ээ, ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолуп, бул тармакка кызыккан компанияларды туризм боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, Улуу Жибек Жолу боюнча каттамдарды өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.
"Учурда унааларды ташууга болгон суроо-талап жогору, ошол себептүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кошумча автожол өткөрүү пунктун ачуу маселеси талкууланып жатат, бул соода-логистикалык кызматташтыкка түздөн-түз кошумча динамика кошот. Транспорт системасын жакшыртуу эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азияда, Батыш Азияда, Перс булуңунда жана Европада жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт. Транспорт тармагындагы инфраструктуралык биргелешкен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун жүрүшүн кошумчалайм. Бүгүнкү форум жаркын келечекке дагы бир кадам болуп, баарыбыз үчүн олуттуу жемиштерди алып келсин”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
Белгилей кетсек, “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсү КЭР СУАРдын Үрүмчү шаарында 26-30-июнь күндөрү уланмакчы.