“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Иш-чара бүгүн, 26-июнда болгонун өкмөттөн билдиришти.
Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты.
Алар өз тармактары боюнча B2B форматында да жолугушууларды өткөрүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.
“Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактардагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду. Анын ичиндеги документтердин суммасы 1 миллиард 500 миллион долларды түздү.
Белгилей кетсек, “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсү КЭР СУАРдын Үрүмчү шаарында 26-30-июнь күндөрү уланмакчы.