Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Ага ылайык, сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдар мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсү милдеттүү болот.
Мындан сырткары судьялыкка талапкерлердин жакын туугандарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу жок болушу керек. Жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп мыйзам менен таанылган жарандар судья боло албайт.
Ошондой эле райондук, административдик жана шаардык соттордо үч жыл, облустук жана Бишкек шаардык сотунда эки жыл иштеген гана судьялар Жогорку сотко судья боло алат.
Мыйзам долбоорун депутаттар Шайырбек Ташиев, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов демилгелеген. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, учурдагы мыйзамга ылайык, соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар, жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар, укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан наамын булгап бошотулгандар, түрдүү иштер үчүн адвокаттык лицензиясынан ажыратылгандар, кылмыш жасады деп шек саналгандар же айыпталгандар жана чет мамлекеттин жарандыгы барлар судья боло албайт.