2012-жылы алкоголизм оорусу Кыргызстанда 2008-жылга салыштырмалуу 14,5 пайызга төмөндөдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин гендердик-бөлүү статистика жыйнагында камтылган.
Маалыматка ылайык, аракечтик көп учурда эркектердин көйгөйү болуп саналат жана алар бул оору менен аялдарга караганда 8 эсе көп жабыркашат. Ошондой эле аялдар да, мырзалар да 40-44 жашында бул ооруга көп чалдыгышары айтылган.