Орусиядагы поезд кырсыгынан үчүнчү адамдын жансыз денеси табылды

Воркута-Новороссийск поездинин тогуз вагону рельстен чыгып кеткен кырсыктан куткаруучулар каза болгон үчүнчү адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Алар поезддин эшигин кесип, бирок азырынча маркумду чыгара элек. Алар вагонду көтөрүү үчүн окуя болгон жерге атайын техниканы чакырышкан.

Буга чейин куткаруучулар оодарылып кеткен вагондун биринен экинчи адамдын сөөгүн чыгарышса, биринчиси вагондун ичинен табылган.

Эске салсак, кечээ, 26-июнда Москва убактысы боюнча саат 18:12 чамасында Түндүк темир жолунун Инта-1 – Угольный участогунда №511 Воркута – Новороссийск жүргүнчү поездинин тогуз вагону рельстен чыгып кетип, 70ке жакын жүргүнчүлөр жабыркаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан