Ажырашуу үчүн арыз берген орусиялык ырчы Алсу күйөөсүнүн жарашуу өтүнүчүнө жооп берди

Май айынын аягында күйөөсү Ян Абрамов менен ажырашууга арыз берген орусиялык ырчы Алсу күйөөсү менен жарашуудан баш тартып, “артка жол жок” деп айткан. Бул тууралуу орус басылмалалары жазышууда.

Жубайлар кечээ, 27-июнда расмий түрдө мамилесин үзүшү керек болчу, бирок Москвадагы сот ишкердин өтүнүчү боюнча аларга дагы эки айга “жарашууга” убакыт берди.

Ага ылайык, Ян Абрамов Алсуга жалпы суммасы 2,5 миллиард рублду түзгөн мүлктү калтырып, балдары үчүн ыңгайлуу жашоону камсыз кылууга багытталган кошумча милдеттенмелерди алууга даяр экенин билдирген.

"Азыр анын адвокатынын өтүнүчүн угуп, бир гана комментарий бере алам, ажырашуу болот. Сот процесси үй-бүлөнү сактап калуу жана жарашуу үчүн эмес, мүлктү бөлүштүрүү шарттарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн эки айга жылдырылды. Мен тараптан чечим так кабыл алынды, артка кайтууга жол жок", - деген ырчы.

Белгилей кетсек, Алсу Сафина менен Ян Абрамов 2006-жылы баш кошушкан. Алардын Сафина, Микелла аттуу кыздары жана Рафаэль аттуу уулу бар.

Кечээ, 27-июнда ырчы Алсу 41 жашка толду. Алардын ажырашуу жөнүндө соттук отуруму анын туулган күнүндө болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан