21-декабрда кечке жуук Санкт-Петербургда өтүп жаткан кыргыздардын тоюнда белгисиз адамдар травматикалык куралдан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында 4 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда “Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматы Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Кочкорбай Кутанаевдин маалыматына таянып билдирди.
“Жаңжалдан кийин биз өзбектердин диаспорасынын башчылары менен жолугушуу өткөрдүк. Алар тергөөгө жардам берүүгө убада берди. Конфликт болгон кафе азыр иштебей турат. Эшигинде номур илинип турат, бирок чалсак эч ким албай жатат”, - деп билдирген Кочкорбай Кутанаев.
“Санкт-Петербургдагы Кондратенко көчөсүндөгү жайгашкан кафедеги атышуу жөнүндө ишемби күнү саат 23:30 чамасында маалымат келди. Учурда “Зөөкүрлүк” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча шектүүлөр кармала элек” деп жазылат маалыматта.