АКШнын президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байден мурдагы президент Дональд Трамп менен шайлоо алдындагы дебаттан кийин ага сахнадан чыгууга жардам берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, дебаттан кийин Трамп сахнадан тез эле кетип калган, ал эми атаандашы ордунда калган. Байденди сахнадан жубайы колун кармап түшүргөн.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-июнда Байден менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын биринчи дебаты болду.
Ага байланыштуу, Жо Байден Трампты "ийгиликсиз" деп атаса, ал эми Трамп Байден тарыхтагы "эң начар президент" экенин айткан.
Буга чейин Жо Байден Лос-Анжелестеги президенттик шайлоого карата үгүт концертинде сахнадан жылбай туруп калганда, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жетелеп алып чыгып кеткен.