"Ысык, сасык..." Камактагы журналисттер тергөө абагындагы шартка нааразы болууда (видео)

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы журналисттери абактагы шарттарга нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу алар бүгүн, 28-июнда Ленин райондук сотунда болгон соттук жараяндан соң айтышты.

"Темиров лайв" медиасынын жетекчиси Махабат Тажибек кызы сот отурумдары улам жылдырылып, создугуп жатканын айтты.

"Эч кандай күнөөбүз такталган жок, ошондуктан создуктуруп жатат. Дагы создугат, анткени күнөөбүздү далилдей албай жатышат. Биз эч кандай мыйзам бузган эмеспиз. А бул жөн эле спектакль! Сөз эркиндигине кысым.

Ал эми тергөө абагы аябай ысык. Шарт жок. Жашоого мүмкүнчүлүк жок. Ысык, сасык", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды. Сотто 11 журналисттин иши боюнча күбөлөр суралды.

Кийинки жараян 5-июль күнү саат 9:30га белгиленди.

Ленин райондук соту 28.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан