11 журналисттин соту: Жумабек Турдалиевге козголгон бир иш кыскартылды

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды.

Жараянда айыпталуучулардын бири Жумабек Турдалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши тараптар келишип алгандыгына байланыштуу кыскартылды. Бул иш кайсы окуяга тиешеси бар экени жана качан козголгону тууралуу маалымат жок. Болгону сот отурумунда бул факты 11 журналистке козголгон ишке бириктирилип каралып жатканы маалым болду.

Ошондой эле сотто 11 журналистин иши боюнча күбөлөр суралды. Отурумду фото-видеого тартууга тыюу салынды. Кийинки жараян 5-июль күнү саат 9:30га белгиленди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.

Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Ленин райондук соту 28.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан