Бүгүн, 30-июнда саат 08:00дөн баштап №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.
БШК билдиргендей, үч шайлоо округдарында 175 шайлоо участогу ачылып, 2214 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.
Жогоруда аталган үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жалпы 29 талапкер ат салышат.