Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Анда Бишкектеги көпчүлүк мектептердин имараты 1935-1982-жылдарда курулгандыгы тууралуу сөз болуп, алардын тизмелери аталды.
20 жылдан ашкан - №71, 73, 65, 66, 67, 69, 70, 72;
30 жылдан ашык - №63, 1, 4, 38, 50, 55, 57, 68, 7;
40 жылдан ашкан - №3, 20, 26, 34, 39, 6, 62, 64, 11, 12, 32, 41, 48, 49, 54, 61, 40, 42, 47, 59;
50 жылдан ашкан - №17, 37, 60, 16, 45, 51, 52, 53, 15, 18, 19, 29, 36, 75, 31, 58;
60 жылдан ашкан - №14, 10, 23, 30, 76, 6, 24, 27, 28, 2, 7, 8, 9, 13, 22, 25, 44;
Ошондой эле жыл сайын шаардык бюджеттен капиталдык оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн акча каражаттары биринчи кезекте жылуулук системасын, канализацияны оңдоого, мектептердин чатырларын жабууга кетери айтылды.