Франциянын Париж борборунда өтө турган Жаңы жылдык жарманкесинде европалыктарга жана чет өлкөлүк туристтерге максым берилет жана кыргыз улуттук кийизден жасалган буюмдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Жаңы жылдык жарманке 19-декабрдан 2014-жылдын 5-январына чейин өтөт. Рождество жана Жаңы жыл майрамына карата Парижге дүйнө жүзүнөн көптөгөн туристтер келишет. Алар жарманкеде улуттук суусундугубуздан гана даам татпастан, кыргыздын буюмдары, тарыхы жана маданияты менен тааныша алышат",- деп басма сөз кызматы кабарлады.