Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтөт

Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу болуп өттү.

Анда Жапаров Кыргызстан 2026-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга талапкерлигин көрсөтүп жатканын айтты.

“Филиппин өлкөсү буга чейин төрт жолу бул кеңешке мүчө болгон экен. Эми бешинчи ирет аракет кылууда. Бул маселенин тагдыры Нью-Йоркто чечилет. Нью-Йорк бизди колдоп, 2026-жылы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө шайланат деген үмүттөбүз”, - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан