Эки салмак категориясы боюнча мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында чабуулчу Криштиану Роналдунун көзүнө жаш алгандыгы боюнча пикирин билдирди.
"Мекенге берилгендик. Криштиану, сен бул жерди сыйлаган эң улуу футболчусуң! Кечээги күн - атак! Бүгүнкү күн - тарых", - деп жазган ирландиялык мушкер социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Конор Макгрегор "Евро-2024" турниринин мыкты бомбардири Роналду боло турганын айтып, 60 миң евро койгонун белгилеген.
Белгилей кетсек, Словения менен Португалиянын беттешинде Криштиану Роналду кошумча берилген убакытта пенальтиде атаандашынын дарбазасына гол киргизе алган эмес. Мындан улам футболчу көзүнө жаш алган.