Москвада курулушта каза болгон кранчы баңгизатын ашыкча колдонуудан улам каза болгон деп айтылууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, 44 жаштагы адамдын денесинен ийне сайылган изи табылган. Ал эми дененин жанынан ийне жана белгисиз зат салынган идиш табылган.
Буга чейин Москвада дээрлик 200 метр бийиктикте мунара кранынын кабинасында кранчы эс-учун жоготуп, каза болгону белгилүү болгон.