Орусиянын бажы кызматчылары 2013-жылдын ичинде Орто Азиядан келген жарандардын 620 килограммдан ашык насыбай алып келишкенин айтышты. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу Сибирь оперативдик бажынын басма сѳз кызматы билдирди.
«Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары мыйзамды тоотпой мурдагыдан да көп насыбай ташып жүрүшөт. Эгер 2012-жылы бул затты өткөрүү боюнча 280 административдик бузуу козголсо, ушул жылы 485 иш козголду. Бажы мыйзамы боюнча бир чоң кишиге 250 грамм насыбай алып өтүүгө уруксат берилет. Андан тышкары аны чекене же дүң баада сатууга тыюу салынган" деп жазылат басма сөз кызматынын маалыматында.