Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Түркиянын жараны Кыргызстандын жарандыгын алса болобу? Кандай учурларда мүмкүн? Суроо калтырган Sumayya
Жооп: - “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдын жана Эл аралык келишимдердин негизинде башка өлкөнүн жарандары, ошонун ичинде түркиялык жарандар Кыргызстандын жарандыгын жалпы тартипте ала алат. Эгер ал этникалык кыргыз болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алса болот.
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.