"Евро-2024": Кайсы белгилүү футболчулар үчүн акыркы турнир? (тизме)

Футбол боюнча Европа чемпиондугу 14-июнда Германияда башталды. Лука Модрич, Криштиану Роналду баштаган бир катар футболисттер "Евро-2024" алар үчүн акыркы турнир боло турганын жарыялашты. SUPER.KG порталы бул чемпиондук кайсы оюнчулар үчүн акыркы турнир болорун тизмектеп көрдү.

Тони Кроос

Тони Кроос - учурда 34 жашта, Германия курамасынын негизги оюнчуларынын бири. Ал Евро-2024 турниринен кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айтты.

"Менин футболчу катары карьерам ушул жайда – Европа чемпиондугунан кийин аяктайт. Дайыма айтканымдай, "Реал Мадрид" акыркы футболдук клубум болгон жана болуп кала берет", - деген Тони Кроос.

Футболчунун турнирдин биринчи беттешинде 102 жолу топ берүү жасап, анын 101и дарегине таамай жеткени мактоого алынууда.

Лука Модрич

Лука Модрич - учурда 38 жашта, "Реал Мадриддин" дагы бир легендасы жана жарым коргоочусу. Футболчунун айтымында, Евро-2024 ал үчүн акыркысы.

Буга чейин Дүйнө чемпиондугу да "Алтын топ" ээси Лука Модричтин карьерасындагы акыркы Дүйнө чемпиондугу болуп калышы мүмкүн экенин бир катар ЖМКлар жазышкан.

Мануэль Нойер

Мануэль Нойер - 38 жашта, Германия курамасынын дарбазачысы. Чет элдик айрым басылмалар бул жолку Европа чемпиондугу ал үчүн акыркысы болорун жазып жатышат. Анткен менен дарбазачы турнир аяктаган соң акыркы чечими белгилүү болорун айткан.

"Бул менин курама команда менен акыркы турнирим болобу? Аны азырынча айта албай, турнирден кийин ойлонуп көрөм", - деген.

Роберт Левандовский

Роберт Левандовский - 35 жашта, каталондук "Барселонанын" чабуулчусу. Футболчунун да кийинки Европа чемпиондугунда оюн талаасына чыгары күмөн болууда.

Ал маектеринен биринде "турнирде эң мыкты оюн курабыз деп ишенем. Карьерамды эрте жыйынтыктап жатканыма өкүнбөйм деле. Бир жагынан мындай учур келгенде бул чечимге каршы тура албайм. Бирок азыр убактысы келе элек, мен муну ичимден сезишим керек" деген.

Криштиану Роналду

Криштиану Роналду - 39 жашта, Португалия курамасынын чабуулчусу. Евро-2024 ал үчүн акыркы турнир боло турганын айтты.

"Бизди Францияга каршы оор оюн күтүп турат, биз күрөшөбүз. Мен Португалиянын бул футболкасы үчүн бардык нерсемди берем, муну өмүр бою кылам. Мен эч качан бир нерседен баш тартуудан корккон эмесмин. Бирок бул менин Европа чемпиондугундагы акыркы оюнум. Күйөрмандарымды аяп турам", - деди футболчу маектеринин биринде.

Эгер ал "Евро-2028" чемпиондугунда оюн талаасына чыга турган болсо, Роналду 43 жашта болот. Мындан 2 жыл мурун футболчу 40 жашында карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялаган.

Бүгүнкү күндө Роналду Европа чемпиондугунда 6 жолу ойногон тарыхтагы жалгыз футболчу.

Оливье Жиру

Оливье Жиру - 37 жашта, Франция курама командасынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчу. "Евро-2024" ал үчүн акыркысы.

"Албетте, курамада ойногонду сагынам, бирок менин убактым аяктап бара жатат. Жаштарга жол бошотуп беришибиз керек", - дейт Оливье Жиру.







                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан