Астанада өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине Ирандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер маркум президент Ибрахим Раисинин сүрөтүн алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жакында тик учак кырсыгынан каза болгон Раисинин сүрөтү Мохбердин столунда маектешүүчүлөргө каратып коюлган.
Эске салсак, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-майда эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта Ирандын Тавил айылына жакын жерден тик учактын күйгөн сыныктарын тапкан.
Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.